Нурайым Акылбекова - Арданып журом

Нурайым Акылбекова - Арданып журом

Нурайым Акылбекова - Арданып журом
  • Слушали: 37
  • Качество: 320 kbps
  • Длительность: 3:03
  • Размер: 7.01 MB
  • Дата релиза: 28.05.2023
Слушать онлайн Нурайым Акылбекова - Арданып журом
Скачать
Скачать песню Нурайым Акылбекова - Арданып журом в mp3 бесплатно
Текст песни
Нурайым Акылбекова Арданып Журом cover by Nuraiym

Супасын чачса таң жарык
Суюлуп жылдыз шам жанып
Булбулдар керип көкүрөк
Бутактан учса жанданып
Торгойдун үнүн жактырбай
Томсоруп жүрөм арданып

Көңүлүңгө жаккан пери зат
Көрүнөт экен пир болуп
Көмөкөй сыздайт муңканып
Көксөтпөй эркем бир жолук
Ызаага батып зарыктым
Ый менен ырым бир болуп

Жанга эм жаркын күлгөнүң
Жалындайм уксам сүйлөмүң
Кумардай ушул сагыныч
Кусадан гана үндөдүм
Жабыкпа эркем өзүңдү
Жар кылыш үчүн сүйбөдүм

Көзүңдүн көрүп ирмемин
Көөхарды чанып иргедим
Кыйылып сенден кете албай
Кыйноону тарттым билбедиң
Жарыгым бирок зор бакыт
Жалганда жашап жүргөнүң